Биз менен байланышыңыз

Бишкектик окуучу Америка олимпиадасынын экинчи этабына өттү

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 400 | 0

Бишкек шаардагы №61 мектеп-лицейинин окуучусу Жантай Жусупов математика боюнча Америка олимпиадасынын Кыргызстанда өткөн турунда биринчи орунду алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Олимпиадага Кыргызстандагы эң мыкты окуучулар катышкан. Жантай Жусупов бул көрсөткүчү менен олимпиаданын экинчи этабына (AIME) жолдомо алды.

Математика боюнча Америка олимпиадасы (МАО) Кыргызстанда 2019-жылдан бери уюштурулат. Бул Америкадагы математика боюнча улуттук олимпиаданын биринчи туру болуп эсептелет. Жыл сайын сынакка дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн 300 миңден ашуун окуучу катышат.

МАО – Математика боюнча эл аралык олимпиадага (IMO) алып баруучу тизмектелген сынактардын биринчи туру болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM