Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучулары эл аралык олимпиадада 6 медаль тагынды

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 675 | 0

XV эл аралык Жаутыков олимпиадасында «Сапат» лицейлеринин окуучулары 2 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу мекеме социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ага ылайык, математика сабагы боюнча Ош “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Абдирасулов Амирбек күмүш медалга, ал эми Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 11-классынын окуучусу Калыков Алибек коло медалга ээ болушкан.

Информатика сабагы боюнча Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Жамалов Өмүрбек күмүш медаль, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Батыркулов Шабдан жана Ош “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Бакиров Мирбек коло медаль тагынышкан.

Физика сабагы боюнча Талас “Манас-Ата” лицейинин 11-классынын окуучусу Абыкеев Азамат коло медаль менен сыйланган.

Белгилей кетсек, олимпиада 2019-жылдын 9-15-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Ага 18 өлкөдөн 500 дөн ашык окуучу катышкан. Кыргызстандын командасы 35 окуучудан түзүлүп, анын ичине эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 21 окуучусу кирген.

XV эл аралык Жаутыков олимпиадасы 2005-жылдын январь айынан тартып 15 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика,математика жана информатика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM