Биз менен байланышыңыз

Депутат «Сапат» боюнча окуяны текшерүүнү сунуштады

Кыска кабар | 28 Фев 2019 | 1199 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов жалпы жыйында “Сапаттын” маселесин козгоду. Анда аталган окуу жайда мурда окугандардын жазган окуяларына токтолуп, текшерүү жүргүзүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле протоколдук тапшырма берүүнү да сунуштады.

Кошумчалай кетсек, Сапатта буга чейин окугандар ар кандай терс көрүнүштөрдү #metoosebat хэштеги менен социалдык тармактарга жаза башташкан. Андан соң лицейдеги жакшы көрүнүштөрдү жазгандар пайда болгон. Мындай окуяга байланыштуу “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчилиги билдирүү жасаган. Анда соцтармакка жазып жаткандар мурда окууну бүтүрө албай чыгып кеткендер, айдалгандар болушу мүмкүн экенин айтып, текшерилерин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM