Биз менен байланышыңыз

Айтматов: Бул инвестиция терроризмге арналып жаткан жери жок

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемелерине жасалган инвестиция согуш ракеталарына, терроризмге эмес, элдерди бийик дүйнөлүк даражага көтөрүү үчүн арналган. Мындай бааны залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 2002-жылы «Сапаттын» 10 жылдык мааракеси жана Бишкек лицейине Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө берген.

Айтматов «Сапат» меткептеринде окуп жүргөн өспүрүм балдар — азыркы замандын жетилип турган илим, билим системасына ээ болгон чоң бакыт, таалай экенин айткан.

«Аны балким кийин түшүнүшөр. Азыр балдар бактылуу кези, окуй беришсин. Бул жерге Түркия, Германия, Голландия, Франциядан агайындарыбыз келип отурат. Силердин артыңар менен, силердин дотация, инвестицияңар менен болуп жаткан иш бир жолу эмес, жылдан жыл өтүп түзүлүп калган окуу-маданий система жүрө берет деген үмүттөмүн. Андыктан силерге, ушул инвестицияларды арнаган баарыңарга чын жүрөктөн, бардык эл-журтубуздун атынан рахматымды айтам», — дейт Айтматов.

Жазуучу дүйнөдө инвестициянын түрү көп экенин, ал эми «Сапатка» жасалган инвестициялар  илим, билимге, жаштарды окутуп, тарбиялоого арналганын белгилеген. Мындан улам ал инвестициянын эң асыл, эң жетилип турган көрүнүшү экенин айткан.

«Бул инвестиция согуш ракеталарына, терроризмге арналып жаткан жери жок. Ал биздин элдерди бийик дүйнөлүк даражага көтөрүү үчүн арналган. Андыктан силерге баш ийип салам айтам», — дейт Айтматов.

Белгилей кетсек, «Сапаттын» 10 жылдык мааракеси жана Бишкек лицейине улуу жазуучу Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземине Түркиянын 2001-2004-жылдар аралыгындагы Кыргызстандагы элчиси Музафер Эрөктем да катышкан.

Кошумчалай кетсек, эл аралык «Сапат» билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери ишмердүүлүгүн улантып келет. Бүгүнкү күндө мекеменин курамында 16 лицей, эл аралык «Алатоо» университети, эл аралык «Силк Роад» мектеби, 4 толук эмес жалпы билим берүү мектеби бар. Ал эми 1996-жылдан бери лицейлерди 13 миң 474 окуучу бүтүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM