Биз менен байланышыңыз

Сапат: сыймык менен сындар

Коом , Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 1620 | 0

Акыркы эки-үч күндө социалдык тармакта #metoosebat хэштеги менен “Сапат” мектебинде өткөн күндөрү тууралуу окуучулардын  посттор чыгууда. Ага ылайык, колдонуучулар негизинен мектепте тартип бузганы үчүн ажаткана жууганын, суук бөлмөгө камалганын жазышкан.

Азыркы тапта жогоруда аталган билдирүүлөр «Сапат» билим берүү мекемеси тарабынан текшерүүгө алынып жатат. Бул тууралуу  аталган билим берүү мекемесинин жетекчисинин орун басары Амир Султанмуратов «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, мындай билдирүүлөр «Манас» университетинин алдындагы мектептеги окуядан кийин жарыяланып жатат. Ошондуктан кандайдыр бир саясий кызыкчылык болушу мүмкүн.

-Эки күндөн бери «Твиттерде» #metoosebat деген хэштеги менен мурунку «Себат», азыркы «Сапат» лицейинин бүтүрүүчүлөрү билдирүүлөрдү жазып жатышат. Алар бир убакытта окуп кеткен же окууну бүтүрө албай калган же окуудан айдалып кеткен окуучулар да болушу мүмкүн. Алар окуп жүргөн убакыттагы көргөн-укканын жазып жатышат. Бул бизди тынчсыздандырууда. Себеби “Манас” университетинин алдындагы мектептеги окуядан кийин жарыяланып жатат. Ошондуктан бул жерде кандайдыр бир саясий кызыкчылык бар окшойт же уюшулган топ деле болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да биз азыр лицейлерде окуучулар, ата-энелер арасында анкета жүргүзүп, чынында бүгүнкү күндө лицейлер кандай абалда экенин иликтеп жатабыз. Твиттерге жазып чыккандар мындан 5-6 жыл, балким 10 жыл мурунку окуяларды жазышыптыр.

Султанмуратов кошумчалагандай, «Сапат» лицейлеринде буга чейин башка мектепте катталган окуядай терс көрүнүштөр жана үрөй учурган окуялар же окуучуларга терс мамиле болгон эмес.

Өткөн аптада Бишкектеги «Мана»с университетинин аймагындагы мектептин директору окуучуларга ыдык көрсөткөндүгү маалым болду. Бул окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканы кабарлаган.

Саясат талдоочу Чынара Эсенгул “Сапат” мектептерине карата айтылып жаткан билдирүүлөргө төмөндөгүчө талдоо жүргүздү:

-Баарыбыз билебиз, акырык эки жылда Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган мырза Гүлендин ишмердүүлүгүн колдогондорго каршы чыга баштаган. Көтөрүлүштү дагы уюшурду деген сыяктуу чоң геосаясий дагы деңгээл бар. Факторлорду эске алуу менен элдердин маанайын буру аракети деп санасак да болот. Ал эми билим берүү системасындагы балдардын өзүн туура эмес алып жүрүүсү, анын конкреттүү жолго салынбаганы, конкреттүү мектептин администрациясына, мугалидерине тиешелүү маселелер бар.

Ал ортодо «Мен сапат менен сыймыктанамын» деген билдирүүлөр да байма-бай жарыялана баштады. Анда жазылгандай, бул мектептерди эң сапатту билим, тарбия алганы, жакшы достор жана адамдар менен таанышканы айтылган.

“Сапат” мектептеринин биринде окуган актёр Бектемир Мамаюсупов интернетте жургөн сөздөр чындыкка дал келбестигин айтты. Тескерисинче, мугалимдер жүрүм-туруму менен окуучуларга үлгү экенин кошумчалады.

— Мугалимдер кичине урушуп, анча-мынча кулактан чоюшу мүмкүн. Бирок уруп, зордуктап, сөгүү жана бир нерсени аткар деп мажбурлоо болгон эмес. Тескерисинче, мугалимдер, тарбиячылар өзүн алып жүрүүсү менен бизге үлгү болчу.

Ушул эле билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсү Азамат Акунов социалдык тармактагы билдирүүлөр лицейден чыгарылган балдар каралоо максатында жазып жатат деген пикирде. Анын айтымында, лицейдин бүтүрүүчүлөрүнүн 90 пайызынан ашыгы алган тарбия жана билимине ыраазы.

-Менин оюмча, “Сапат” мекемелеринде окубагандар же толук окуп бүтө албагандар ошентип каралап жазууда. Кыргызстанда канча лицей болсо, ошонун 80-90 пайызы алган тарбия, билимине ыраазы. Чындык менен жазып жаткандарга салыштырсак, такыр бири-бирине төп келбейт. Биздин мугалимдер бизди жалаң гана билим алууга үндөгөн жана ошого үйрөткөн. Биз лицейден алган билимибиз менен элибизге, жерибизге кызмат көрсөтүүдөбүз. Башкаларга салыштырмалуу англис, түрк тилдерин жана компьютерде иштөөнү жакшы билебиз. Бул да болсо “Сапат” лицей жакшы билим бергенин көрсөтөт.

Белгилей кетсек,  Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин филиалдары өлкөнүн бардык облуста жайгашкан. Ал Кыргызстандагы бирден бир комплекстүү билим берүүчү мекеме болуп саналат. Бул окуу жайлар 1992-жылдан бери билим алууга бардык шарттарды түзүп, окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга көмөк көрсөтүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM