Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык окуучу Азербайжанда өткөн олимпиадада коло медаль тагынды 

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 517 | 0

Кыргызстандык окуучу Бектур Конушбаев Азербайжанда өткөн “таланттарды даярдоочу лаборатория” аттуу олимпиадада коло медаль тагынды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, олимпиада математика, физика жана химия сабак боюнча өткөрүлгөн. Ага Орусия, Грузия, Беларусь, Эстония, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын окуучулары катышкан.

Кыргызстандан №61 мектептин окуучулары Бектур Конушбаев, Мурат Сатыбалдиев жана Михаил Цой аттуу окуучулар ат салышкан.

Тайпалык саноодо 1 — орунду 4 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалы менен Орусия багындарган. Экинчи орунда 3 күмүш медаль алган Өзбекстан турат. Ал эми Тажикистан 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль алып, 3-орунду камсыздаган.

Белгилей кетсек, олимпияда 10-15-декабрь аралыгында Баку шаарында өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM