Биз менен байланышыңыз

Көп шаарлар Дүйнөлүк Олимпиаданы өткөрүүдөн баш тартышууда

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 675 | 0

Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын өткөрүү барган сайын кызыксыз болуп бара жатат. Ага коротулган чыгымдын көптүгү мунун негизги себеби.

2004-жылы Афинада Олимпиаданы өткөрүү үчүн дүйнөнүн 11 шаары арыз жазган болсо, 2024-жылкы оюндарды өткөрүүгө 2 гана шаар кызыктарлыгын билдирген. 2024-жылдагы оюнду өткөрүүгө арыз берген Американын Бостон шаарынын жашоочулары ага каршы чыгып, масштабдуу акциялары менен аны жокко чыгарышкан.

2026-жылы өтчү Кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө арыз берүүнү добушка койгондо Канаданын Калгари шаарынын тургундары күтүүсүз тандоого барышкан. “Рахмат. Бирок кереги жок”,-деп добуш беришкен.

Адистер дүйнөнүн эң престиждүү, популярдуу иш-чарасына үй ээси болуудан качуунун себебин анын бюджетинин эбегейсиз чоңдугу менен тушүндүрүшөт. Мисалга алсак, 2014-жылы Сочиде өткөн Кышкы Олимпиадага Орусия өкмөтү 51 миллиард доллар короткон. 2008-жылдагы Пекинде өткөн оюндарга 40 миллиард доллар каржалган. Улам кийинки Олимпиаданын баасы кымбатка түшүүдө.

Бостондогу Олимпиадага каршы комитетти баштаган профессор Эндрю Цимбалист: “Олимпиада оюндарын инфраструктурасы жарай турган шаарлар өткөрсө көп чыгым болбойт. Бирок талапка ылайык стадиону, ички каттамдары жана тейлөө түзүмдөрү жок шаарлар үчүн бул иш-чараны өткөрүүнүн пайдасынан зыяны көп. Олимпиадага чейин зарыл болбогон имараттар оюндар бүткөн соң деле колдонулбайт. Бул шаар үчүн ашыкча чыгым”,-дейт.

Дүйнөлүк Олимпиада комитети (ДОК) оюндарды өткөргөн шаарга 1-2 миллиард доллар жардам акча кошорун билдирген менен бул сумма ага корогон каражаттын жанында эч нерсе болбой калат. Ошол себептен адистер ДОК оюндарды өткөрүүчү туруктуу үй ээсин дайындашы керектигин белгилешет. Бирок азырынча туруктуу өткөрүүнү каалаган бир да шаар жок.

Copyright © 2017 Maral FM