Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкек жылуулук борборундагы чыгымды билүү үчүн ТВЕА компаниясына кайрылуу демилгесин көтөрүштү.
Мындай сунушту эл өкүлү Айсулуу Мамашева парламенттин 14-февралдагы жыйынында берди.
“Эксперттер ЖЭБдеги чыгымды эң жогорку баа менен эсептеген күндө да жабдыктардын сметасы 275млн долларды түзгөн. Ошондуктан Кытайдын ТВЕА компаниясынан чыгымдарды такташыбыз керек. Оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнү менен кайрадан авария орун алып жатат.»-деди, эл өкүлү.
Кошумчалай кетсек, Бишкек ЖЭБдеги коррупцияга күнөөлү деп экс-премьер-министр Сапар Исаков жана Жантөрө Сатылабдиев, парламент депутаттары жана бир катар кызматкерлер камакка алынган.