Биз менен байланышыңыз

Марска учуу үчүн билет баасы 500 миң доллар

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 959 | 0

Кызыл планетага учуу үчүн билет 500 миң долларды түзүп, кийинчерээк 100 миң долларга чейин арзандайт. Мындай божомолун SpaceX уюмунун жетекчиси Илон Маск Twitterдеги баракчасына жазды.

Ишкердин ою боюнча алгач 500 миң долларды түзгөн баа кийинчерээк 100 миң доллар болуп арзандайт. Кайра кайтуу бекер жүргүзүлөт. Маск өз сөзүндө бул сумма өнүккөн өлкөнүн жашоочулары үчүн жеткиликтүү эле экенин айткан.

Буга чейин компания Марска алгачкы саякат кандай болору тууралуу тасма көрсөткөн.

Марска болгон алгачкы учуу 2022-жылга пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM