Биз менен байланышыңыз

2019-жылдын алгачкы айында ИДП 6,4 пайызга өстү

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 876 | 0

2019-жылдын январь айындагы ички дүң продукция өткөн жылдын январына салыштырмалуу 6,4 пайызга өсүп, 30,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Күмтөр» ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 26,8 млрд сом өлчөмүндө болуп, өткөн жылдын январына салыштырмалуу 1,9 пайызга жогорулады.

ИДПнын өсүшү айыл чарба, өнөр жай, курулуш тармагы жана кызмат көрсөтүү тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи  – 113,2 пайызды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,1 пайызды түздү.

2018-жылдын январына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 0,6 пайызга өсүп, 36,4 %ды түздү. Ошол эле убакта кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү тескерисинче 0,1 пайызга азайып, 45,1 %ды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM