Биз менен байланышыңыз

2019-жылы Кыргызстанда 1 млн тоннадан ашык жашылча жыйналды

Кыска кабар | 19 Янв 2020 | 917 | 0

2019-жылы Кыргызстанда 1 млн тоннадан ашык жашылча чогултулду. Бул 2018-жылга караганда 3,5% көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

«Помидор 240 миң тоннадан ашык же 7,1 пайызга көп чогултулган, сабиз – 182 миң тоннага жакын (3,2% көп), бадыраң – 130 миң тонна же 8,7% көп. Сарымсактын түшүмү дээрлик 25% көбөйгөн«, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда капуста 134 миң тоннага жакын чогултулуп, ал мурдагы жылга салыштырмалуу 9,1% аз. Ал эми пияз 200 миң тоннадан ашык же 4,1%  аз чогултулган.

Copyright © 2017 Maral FM