Биз менен байланышыңыз

Жогорку сорттогу буудай ундун баасы 1,21 сомго жогорулады

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 1054 | 0

28-октябрда өткөн айга салыштырмалуу жогорку сорттогу буудай ундун баасы бир килограммы — 1,21 сом, же  3,2 %га, биринчи сорттогу буудай ундун баасы 0,57 тыйынга, же 1,9 %га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

28-октябрга карата жогорку сорттогу буудай ундун максималдуу орточо керектөөчү баалары:

  • Ноокат шаарында бир кг. – 50 сом;
  • Ош шаарында бир кг. – 44,65 сом;
  • Токмок шаарында бир кг. —  44,03 сом болуп катталды.

Ошол эле учурда минималдуу чекене баалар:

  • Покровка айылында бир кг. – 30,43 сом;
  • Өзгөн шаарында бир кг. – 33,68 сом;
  • Чаек айылында бир к.г – 34,20 сом болуп белгиленди.

Биринчи сорттогу буудай унунун максималдуу чекене баалары Ноокатта бир кг. – 44,41 сом, Кара-Сууда бир кг. — 36,74 сом жана Кербенде бир кг. – 35,01 сом болуп катталган. Муну менен катар ундун минималдуу баалары Чаек айылында катталды.

 

Copyright © 2017 Maral FM