Биз менен байланышыңыз

Нарын: Бир кап ундун баасы 1450- 1800 сомго чейин сатылууда

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 1032 | 0

Бүгүн, 15-мартта Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери шаардагы борбордук базарга жана шаар ичиндеги ири соода түйүндөрүнө барып, эң керектүү делген азык-түлүктөрдүн баалары жана алардын кору тууралуу маалымат алышты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Эң керектүү азыктардын бири болгон ундун кору 80 тоннадан ашык болсо, суу майдын кору 30 тонна экени маалым болду.

Ал эми бир кап ундун баасы 1450 сомдон 1800 сомго чейин, суу майдын баасы 1 литри 80 сомдон сатылууда. Эң керектүү деген башка азык-түлүктөрдүн баасы туруктуу бойдон сакталууда.

Нарын шаарында ири соода түйүндөрүндө күндөгүдөй эле соода- сатык иштери жүрүп, элдин басымдуулугу байкалган жок.

Нарын шаардык мэриясы өйдөдө айтып өткөн азык-түлүктөрдүн корун камдоо жана баасын туруктуу кармоо боюнча тиешелүү кызматтар менен иш алып барылып, абал көзөмөлгө алынууда.

Copyright © 2017 Maral FM