Биз менен байланышыңыз

Тайлаков: жыл башынан бери ундун баасы 22%га жогорулады

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 639 | 0

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу борбор калаада  ундун баасы 17%га өстү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, октябрь айынан тарта ундун баасы Бишкекте 17%, Таласта 12%,  Жалала-Абадда 18%, Баткенде 11% га чейин жогорулаган. Ал эми жыл башынан бери эсептегенде, унга болгон баа 22% га чейин өскөн.

«Талдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Ундун баасынын көтөрүлүүсүнө сырткы факторлор да таасир этүүдө. Биз буудайды дээрлик Казакстандан алабыз. Быйыл коңшу өлкөдө жайкысын кургакчылык болуп, буудай айдоо аянттары 2 эсеге чейин кыскарган. Андан сырткары, казак тарап буудайды бизден башка Кытай, Өзбекстан, Ооганстанга дагы экспорттогонуна байланыштуу Кыргызстандын ички рыногуна таасир этти. Биз Өкмөткө, Экономика министрлигине тийиштүү сунуштарды бергенбиз», — дейт Тайлаков.

Белгилей кетсек, Кыргызстан жылына 1 млн. 200 миң тонна буудай керектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM