Биз менен байланышыңыз

«Тегирменчилер» коому буудайдын наркын 16-17 сомго баалоодо

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 753 | 0

Ундун баасы ушул жылдын август айына салыштырмалуу 30%га кымбаттады. Себеби буудайдын наркы көтөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын «Тегирменчилер» коомунун жетекчиси Рустам Жунушов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө өндүрүлгөн жергиликтүү буудай жокко эсе. Мындан улам Кыргызсан 100% сырттан ташылып келген буудайга көз каранды болуп калды.

«Быйыл өзүбүздүн буудайыбыз жетиштүү эмес. Буудай күзүндө 10-12- сомдон сатылып алынса, азыр жергиликтүү тегирмендер буудайдын наркын 16-17 сомго чейин жогорулатты. Тилекке каршы, буудайды айдоо аянттары 120 миң гектарга кыскарып, жергиликтүү буудайдын жетишсиздиги келип чыгууда», — дейт Жунушов.

Copyright © 2017 Maral FM