Биз менен байланышыңыз

Ундун баасы качан төмөндөөрү айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2019 | 581 | 0

Рынок толгондо ундун баасы автоматтык түрдө түшөт. Учурда рынокто продукция азайып кеткендигине байланыштуу ун азыктарынын наркы көтөрүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кеңешбай Тайлаков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Азык жок болсо, наркты жөнгө салуу механизми киргизилсе да, баа өз шартын бербейт. Ошондуктан интервенция кылуу боюнча иштер жүрүүдө. Жергиликтүү бийлик жармаңкелерди уюштуруу жагына маани бериши шарт», — дейт Тайлаков.

Анын айтымында, материалдык резерв фонду тарабынан ун азыктарына интервенция кылуу иштери жүрүп жатат. Буудай, ун азыктарын ташып келүү боюнча тийиштүү органдар башка мамлекеттер менен сүйлөшүү иштерин алып барууда. Орусиядан ун алып келүүгө болот.

Андан сырткары ун чыгаруучу, нан өндүрүүчүлөр бирикмелери менен жыйындар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тайлаков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан күн сайын ар бир аймак боюнча социалдык багыттагы товарларга мониторинг жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM