Биз менен байланышыңыз

10 айда ички дүң продукция 454,9 млрд сомду түздү

Кыска кабар | 12 Ноя 2019 | 1461 | 0

Ички дүң продукт ушул жылдын январь-октябрында өткөн жылдын 10 айына салыштырмалуу 5,7 пайызга көбөйүү менен 454,9 млрд. сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-октябрынын деңгээлинен 3,3%га ашуу менен 406 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

ИДПнын өсүшү өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Ошондой эле, товар өндүрүү тармактарынын өткөн жылдын январь-октябрына салыштырмалуу өсүү темпи 109,0%ды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 102,8 %ды түздү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүү тармактарына туура келип, 44,1 %ды түзсө, өнөр жай тармагынын үлүшү 20,3 %га жакынды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM