Биз менен байланышыңыз

Биринчи жарым жылдыкта ИДӨ 6,4 %га өстү

Кыска кабар | 15 Июл 2019 | 766 | 0

Алдын-ала баалоо боюнча ички дүң өндүрүм ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 6,4 пайызга өсүп, 232,6 млрд сомду түздү. «Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгынын деңгээлинен 2,1 пайызга өсүү менен 207,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу  – 113,4 пайызды, ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,4 пайызды түздү.

2018-жылдын январь-июнуна салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 3 пайыздык пунктка өсүп, 37,5 пайызды түздү, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 1,2 пайыздык пунктка өсүп, 47,3 пайызды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM