Биз менен байланышыңыз

Ушул жылдын I кварталында өлкөдө 1700 жаңы жумуш орун түзүлдү

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 721 | 0

Ушул жылдын январь-март айларында республиканын ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде 1 миң 700гө жакын жаңы жумуш орун түзүлгөн, анын ичинен үчтөн бир бөлүгү (517 орун) — чакан ишканаларда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы жумуш орундары эң көп 19 % билим берүү чөйрөсүндө, 17 %га жакыны соода, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөлөрүндө түзүлгөн.

Аймактар боюнча жаңы жумуш орундары Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен жана Талас облустарында башка аймактарга салыштырмалуу көп түзүлгөн.

Эске салсак, өлкөдөгү жумушсуздардын саны 2018-жылы 2 млн. 525 миң адамды түзүп, бир вакансиялык орунга 19 адам туура келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM