Биз менен байланышыңыз

Маданият кызматкерлеринин 41%ын аялдар түзөт

Кыска кабар | 3 Ноя 2019 | 948 | 0

Маданиятты жана искусствону өнүктүрүү максатында 1995-жылы Өкмөттүн токтому менен 2-ноябрь маданият кызматкерлеринин күнү катары бекитилген.

1918-жылы Караколдо элдик театр түзүлгөн, анын театр ышкыбоздор труппасы,  негизинен жергиликтүү мугалимдерден турган. Биринчи кесиптик театр 1926-жылы түзүлгөн, ал эми азыркы учурда республиканын аймагында 20 кесиптик театр иштейт. Бул тууралуу Улуттук Статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Цифралар жана фактылар:

  • 2018-жылы театралдык жамааттар тарабынан 1 586 спектакль жана оюн-зоок көрсөтүлдү.
  • 2018-жылы концерттик жамааттар жана аткаруучулар тарабынан 196 концерт берилген.
  • 2018-жылы республиканын аймагында 67 музейлер иштеп, көрүүчүлөрдүн көңүлүнө 320 миңден ашык көргөзмө экспонаттары сунушталат.
  • Өлкөдөгү 45 кинотеатрда 2018-жылы 240 миң сеанс көрсөтүлгөн жана аларга 189 миң көрүүчүлөр келген.
  • 2018-жылдын аягына карата республикада 6 концерттик уюм, анын ичинде 3 филармония иштеген.

Мындан тышкары, 2018-жылы кыргызстандыктардын бош убактысында маданий эс алуусун 39 маданият жана эс алуу парктары камсыз кылды, алардын 10у Бишкек шаарында жайгашкан.

Маданият чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин саны 9 миңден ашык, алардын 41 пайызы аялдар.

Copyright © 2017 Maral FM