Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө уруксатсыз таштанды таштоочу жайлар аныкталган

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 694 | 0

Кыргызстанда 2018-жылы 300гө жакын уруксаты жок таштанды таштоочу жайлар аныкталган. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов кабарлады.

Анын айтымында, өткөн жылы агенттикке 9 миң 677 документ келип түшкөн. Анын ичинен эки миңге жакыны мамлекеттик органдардан, 364-мыйзам актылары, министрлик жана ведомстволордон – 4 миң 311 документ жана жарандардан 98 кайрылуу түшкөн.

Андан тышкары, былтыркы жылга карата айлана-чөйрөнү коргоо тармагында 12 долбоор каралган. Анын ичинен 4 бекитилген, 6 иштелип чыккан жана экөөсү каралууда.

Андан тышкары Рустамов белгилегендей, Кыргызстандагы 406 таштанды таштоочу жайларда инвентаризация өткөрүлүп, жыйынтыгында 107нин санкциясы бар жана 299 санкциясы жок таштанды таштоочу жай экендиги аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM