Биз менен байланышыңыз

Нышанов Текебаев менен мамилеси жакшы экенин айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2019 | 712 | 0

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилем жакшы Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов билдирди.

Анын айтымында, Текебаев менен бир маселеден улам пикирлери келишпей калган. Ал партия лидерине бирөөлөр күүлөп жатканын айтып, аларга кошулбоосун айткан. Бирок Текебаев башка жакта тандап кеткен. Эң өкүнүчтүүсү кыйынчылыкты Текебаев өзү тартып, азыр абакта олтурат.

-Өткөн бейшемби күнү Текебаевге барып келдим. Учурда ден соолугу жакшы экен. Бирок ал киши жөн эле олтурат. Ушул күн болоорун билип андай кадамга барбаңыз деген элем. Бул жумушту кылыңыз деп айткан эмесмин. Муну өзүнөн дагы сураңыздар. Текебаевдин абакка отургузбай коюуга мүмкүнчүлүктөр бар болчу. 2018-жылдын декабрь айында абактан бошотулат деген аракеттер болгон. Бирок ишке ашпады. Буйруса эки-үч айда абактан чыгып калат деп жатабыз.

Эске салсак, Жогорку Кеңеште “Референдум жөнүндө” мыйзам долбооруна “Ата-Мекен” фракция каршы чыккан. Ал эми аталган фракциянын депутаты Сайдулла Нышанов колдогон. Андан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевге «Эл баатыры» деген наамды берүүнү сунуштап чыккан.

 

Copyright © 2017 Maral FM