Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Ирандын президентин ислам ыңкылабынын күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 615 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини ислам ыңкылабынын жеңишинин 40 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчынын куттуктоосунда, «Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Иран элин ислам ыңкылабынын жеңишинин мааракелүү 40 жылдыгы менен куттуктайм»,-деп айтылат.

Ошону менен бирге Жээнбеков Кыргызстан Иран менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеген. Эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделет деп терең ишенем деп кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM