Биз менен байланышыңыз

Тегеран: Ооруканадагы өрт 19 кишинин өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2020 | 828 | 0

Ирандын борбору Тегерандын түндүгүндөгү ооруканалардын биринде газдын жарылышы жана андан чыккан өрттүн кесепетинен 19 киши набыт болду.

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Ирар Хариржи билдиргендей, окуя учурунда имаратта 25 адам болгон. 5-6 адам эптеп өрттөн кутулуп, амман калган.

Маалыматка ылайык, өрттүн чыгышына газдын жарылуусу себеп болгон.

Бул Тегерандагы акыркы күндөрдөгү жалгыз өрт эмес. 26-июнда да Тегерандын чек арасында жайгашкан аскердик обьектинин жанында да газ жарылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM