Биз менен байланышыңыз

Иран-Түркия чек арасындагы куралдуу жаңжалдын себептери изилденүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2020 | 616 | 0

Иран менен Түркиянын өкмөттөрү эки мамлекеттин чек арасында орун алган куралдуу кагылышууну иликтеп жатышат.

Түркиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Иран аймагынан жасалган кол салууда бир түрк жоокери каза болуп, дагы бири жаракат алган.

Окуяга түшүндүрмө берген Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Аббас Мусавий Иран-Түркия чек арасынын жанында түрк аскерлери менен террорчулардын ортосунда куралдуу кагылышуу болгонун айтты. Ал бул билдирүүнү түрк ММКларына таянып таратты.

-Батыш Азербайжандын аймактык чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кагылышуу маалында Иран аймагына снаряд келип түшкөн, — деди Мусавий.

Анын айтымында, окуя эки өлкөнүн чек ара кызматтары тарабынан иликтенип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM