Биз менен байланышыңыз

Цзиньпин жазда Бишкекке келет

Кыска кабар | 11 Фев 2019 | 790 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда алдыда өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы иш-чаралар боюнча маселелер, ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер ведомствосунун алдында турган актуалдуу пландар менен маселелер талкууланды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарына жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин расмий сапарына даярдык боюнча маалымат берди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, белгиленген мөөнөттө алдыга коюлган маселелердин баарын өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Copyright © 2017 Maral FM