Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик кызматта иштебегендерге ипотека бериле элек

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2019 | 1419 | 1

«Арзан турак жай 2015-2020» программасы аркылуу турак жай мамлекеттик мекемелерде иштебеген жарандарга бериле элек. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган программага башка булактардан каражат түшүп баштагандан кийин жеке жарандарга да ипотекалык насыя бериле баштайт. Бүгүнкү күндө компания бюджеттик ссуда менен иштеп жаткандыктан насыя мамлекеттик мекемелерде иштеген жарандарга гана тиешелүү болууда.

-Буйруса, башка жактан каражаттар түшсө жеке жарандарга да насыяны ачып берели деп жатабыз. Азыркы убакта ипотекалык баалуу кагаздарды сатып баштайбыз. Андан 200 млн сом түшсө, башка тармактарда иштегендерге насыяны бере баштайбыз. Мындан тышкары Немис өнүктүрүү банкы экинчи кварталда каражат бөлөт. Учурда техникалык жардам менен иштеп жатабыз. Атайын аныкталган процедураларды коюп берүү керек. Ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн өнөктөш 3 банк менен иш алып баруудабыз.

Эске салсак, ипотекалык насыянын максималдуу суммасы 3 млн. сомго чейин. Эң узактыгы 15 жылга чейинки мөөнөттө берилет.

1 пикир

1 пикир

  1. Тынчыбек

    21.07.2019 13:12

    Ипотекага уй алыш учун кайсыл жака кайрылып керек адрес и тел. Номер бергилечи жана шарт ары кандай?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM