Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда ипотека аркылуу 4 миңдей үй-бүлө үй алды

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2019 | 710 | 0

Кыргызстанда «Арзан турак жай» программасынын алкагында 4 миңге чукул үй-бүлө турак жай менен камсыздалды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылга чейин 8 миң үй-бүлөнү ипотекалык насыя аркылуу турак жай менен камсыз кылуу зарыл. Анын негизинде жалпы насыялык портфелди 4 млрд сомго жеткирүү керек.

-Азыркы убакта бюджеттик ссуда менен иштеп жатабыз. Бүгүнкү күндө ушул кезге чейин Каржы министрлиги аркылуу 3,8 млрд сом алдык. Андан тышкары 321 млн сом уставдык капитал катары иштеп жатат. «Арзан турак жай» программасына быйылкы бюджеттен 500 млн сом каралды. Өткөн жылдагыдай эле дагы 1 млрд сомдун тегерегинде карап чыгалы деп жатабыз.

Эске салсак, өлкөдө «Арзан турак жай 2015-2020» программасы менен жарандарга үй 2016-жылдын март айынан баштап берилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM