Биз менен байланышыңыз

Турганбаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектейт

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 1087 | 0

Мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектейт. Бул тууралуу «Марал» радиосуна өзү билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү буйрук бүгүн, 8-февралда чыкты. Жумушка качан кирише турганы белгисиз. Азырынча күтүп жатат.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын Таалайбек Жапаров жетектеп келди.

Эске салсак, Мелис Турганбаев 2014-2016-жылдары Ички иштер министри болуп турган. Ошондой эле учурда Спорттук күрөш боюнча федерациянын вице-президенти.

Copyright © 2017 Maral FM