Биз менен байланышыңыз

Пробация институтун эми Юстиция министрлиги көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 509 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Пробация» системасын Юстиция министрлигине өткөрүү ишин активдештирүүнү тапшырды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Исабаев маалымдады.

Анын айтымы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта беш кодекс күчүнө кирип, ага байланыштуу сот реформасына байкоо жүргүзүүчү жумушчу топ түзүлгөн. Бул топ алты облусту кыдырып, жеринде анализ жүргүзгөн. Анализдин жыйынтыгы чыгып, маалымат президент Сооронбай Жээнбековго берилген.

Бөлүм башчысы билдиргендей, анализ учурунда бир катар кемчиликтер аныкталган. Алар жаңы кодекске ылайык, сот отурумдары аудио жана видео жаздыруулар менен өтүшү керек. Ошондой эле, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрде учурда биринчи гана каттоо фазасы иштөөдө. Реестр каттоодон тышкары сот өндүрүш жана жазаларды аткаруу өндүрүшү фазалары ишке кириши керек. Үчүнчүсү – пробация.

Учурда Пробация институту Жазаларды аткаруу кызматынын алдында турат. Ал эми 2020-жылдын январь айынан тарта Юстиция министрлигине өткөрүү пландалууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM