Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жаңы кодекстерди өзгөртүүнү талкуулады

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 484 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Жазык-аткаруу кодексиндеги, Жазык кодексиндеги жана Жазык–процессуалдык кодексиндеги кемчиликтерди жана дал келбестиктерди жоюу боюнча ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулоо боюнча тегерек столго катышты.

Иш-чара өкмөттүн демилгеси боюнча Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин сунуштамасын эске алуу менен уюштурулган. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик Аппараттын, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле жаңы кодекс жана мыйзамдардын иштеп чыгуучулары катышты.

Разаков белгилегендей, талкуу учурунда парламентарийлер тараптан айрым ченемдерди тактоо боюнча бир катар сунуштар келип түшкөн, буга байланыштуу аны экинчи окуу режиминде кароо үчүн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу зарыл.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө катышуучулар каралып жаткан Мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулашты, ошондой эле Башкы прокуратуранын сунуштары талкууга алынды.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун айтылган эскертүүлөр жана сунуштар менен жалпылап кайрадан кароо чечими кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM