Биз менен байланышыңыз

Украина Конституциясын Евробиримдиктин талабына ылайык өзгөрттү

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 585 | 0

Украинанын парламенти Жогорку Рада 334 добуш менен конституцияга Евробиримдик жана НАТО стандарттарына ылайык киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Өзгөртүүлөргө карата жыйынтыктоочу добуш берүүгө Рададагы фракциялардын басымдуу бөлүгү колдоп добуш беришти. Эми бул өзгөртүүлөр спикер менен президент мыйзамга кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.

Анткен менен бул Украина биримдик менен Түндүк атлантикалык альянска дароо мүчө болот дегенди билдирбейт. Ал үчүн дагы бир топ шарттар аткарылуусу керек.

Парламент ушул эле күнү Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларына жана парламенттерине Украинанын декабрда сунушталчу мүчөлүгүн колдоп берүүсүн суранган кайрылуунун текстин да жактырышты.

Украинаны Европа бүлөсүнө кошуу демилгеси учурдагы президент Петр Порошенкого таандык.

Президенттин айтымында биримдикке кошулуу жалпы элдик добуш берүү-референдум менен чечилүүгө тийиш.

Ал Орусиядан узак, Европага жакын саясатын алдыдагы президенттик шайлоодон утуп чыкса дагы улантарын, жадагалса өлкөнү Евробиримдикке мүчө кыларын да убадалоодо. Коомчулукта муну Порошенконун шайлоо алдындагы пропагандасы сыяктуу кабылдагандар да арбын.

Эске салсак, украин бийлиги соңку төрт жылда бар күчү менне Европага биригүүгө аракет кылууда. Буга 2014-жылдагы Крым жарым аралынын Орусия тарабынан аннекцияланышы түрткү болду. Адистердин айтымында, Европа Киевге Москванын кысымына каршы колдоосун билдирип келгени менен анын биримдикке кошулуусуна анчейин  кызыкдарлыгы байкалбайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM