Биз менен байланышыңыз

Мектептеги электрондук кезек 15-февралда иштейт

Кыска кабар | 8 Фев 2019 | 853 | 0

15-февралдан тарта мектептеги электрондук кезек иштейт. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги менен Бишкек шаардык мэриясы биргеликте берген маалымат жыйында айтылды.

“Электрондук кезек» – мамлекеттик мектептерге 1-класска кабыл алуунун автоматташтырылган система.

Долбоордун башкы максаты балдарды мектепке кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтуу болуп саналат.

Электрондук кезек тууралуу суроолорду жана документтерди кабыл алуу үчүн 0800 800 8888 номуру иштеп жатат. Документтерди кабыл алуу 13-февралдан башталат.

Азыркы тапта билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM