Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура ИИМдин Элтуйбасов боюнча айтканын четке какты

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 511 | 0

Башкы прокуратурага  Ички иштер министрлиги тарабынан Калыбек Элтуйбасовдун ишин экстрадициялоо боюнча материалдар келген эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын кабарлашты.

Аты аталган жаранды өткөрүп берүү өтүнүчү менен АКШнын тиешерүү органдырына кайрылуу жиберилген эмес, себеби АКШ менен Кыргызстандын ортосунда экстрадициялоо боюнча келишим жок.

Белгилей кетсек, Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов буга чейин Элтуйбасовду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратурага билдирүү жөнөтүлгөнүн айтткан болчу.

ИИМ: Элтуйбасов АКШда миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн кармалды

Copyright © 2017 Maral FM