Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Элтуйбасов АКШда миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн кармалды

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 521 | 0

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектелип жаткан Калыбек Элтуйбасов АКШда кармалды. Анын колго түшүүсүнө миграциялык мыйзамды бузгандыгы себеп болгонун Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов айтты.

ИИМдин маалымат жыйынында кылмыштын күбөлөрүнө кысым болуп жаткандыгы боюнча суроо узатылды. Мирлан Каниметов эч кандай кысым жок экендигин, тергөөгө тоскоолдук жараткандыгы үчүн Элтуйбасовго издөө жарыяланганын айтты.

-Ал изин жашырды. Миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн АКШда кармалды. Кыргызстанга алыны келингенде бардык суроолорго жооп алабыз, — деди министрдин орун басары. Ошондой эле аны Кыргызстанга экстрадациялоо боюнча Башкы прокуратура аркылуу билдирүү жөнөтүлгөнүн айтты.

Кошумчалай кетсек, Камила Дүйшөбаева 2014-жылы киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгү айтылган. ИИМ бул кылмышка шектүү катары Калыбек Элтуйбасовдун ысымын атоодо. Элтуйбасов мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы. Салянова мындай жагдайды саясий чечим катары баалап келет.

Copyright © 2017 Maral FM