Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр талкууланат

Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 525 | 0

Жогорку Кеңеш бүгүн жыл башында киргизилген соттук-укуктук реформаларды талкуулайт. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жарыяланган.

Анда “Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору, жол кыймылы жөнүндө жана пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча мыйзамдык актыларды өзгөртүү маселелери каралмакчы.

Анда Ички иштер министри Кашка Жунушалиев жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров баяндама жасайт.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдан тарта соттук-укуктук реформанын алкагында 5 кодекс жана 2 мыйзам ишке кирген. Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзамдарды ишке ашырууда кемчиликтер бар экенин айтып, аларды карап чыгууну өкмөткө тапшырып, мартка чейин убакыт берген.

Copyright © 2017 Maral FM