Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Соттордун адилеттүүлүгү экономикага түз таасир этет

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2019 | 573 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде судьяларга кылмыш иш козголуусу менен соттук реформа эки башка нерсе экенин, сот реформасы биринчи кезекте өлкөдөгү экономикага жооп берерин билдирди.

Анын айтымында, соттор пара албай, туура чечим чыгаруусу үчүн жалпы коомдун аң-сезиминде секирик жасалып, элита жаңырып, баалуулуктар өзгөрүшү зарыл. Соттор менен кошо баары бирдей деңгээлде өзгөрүшү керек. Анткени баарынын башаты — сот эмес, шайлоо. Тагыраагы, шайлоо таза өтсө парламентке мыктылар келет. Алар сотторду тазалайт.

Сот реформасы тунгуч президент Аскар Акаевдин убагында башталган.

«Сотторго эркиндик берүү зарыл деп аша чабуу болгон. Судьялар эч нерсеге жооп бербей жүргөн. Азыр эркиндикти чектебей, алтын ортолукту табуу зарыл. Чыгарган чечимдерин көзөмөлдөө керек. Мыйзам кынтыксыз иштесе, инвесторлор келет. Бизде сыттан келген инвестордун 10-15 млн долларын алып коюп жатышса… Соттордун адиелттүүлүгү экономикага түздөн-түз таасир этет. Учурда жактоочу жалдай албагандарды күчкө салып камап коюушууда», — дейт Шыкмаматов.

Эл өкүлүнүн билдиргенине караганда судьяларды жоопкерчиликке Тартуу үчүн Тартип комиссиясынан уруксат алуу зарыл.

«2016-жылкы Конституция Тартип комиссиясынын ашмалтайын чыгарды. Сөз укпаган сотторду алыскы аймакка жиберишет, ал судьялар ошол бойдон жок болот. Конституцияда соттор парламентке маалымат берип турууга милдеттүү. Парламент жаманбы, жакшыбы, депутаттар элдин добушу менен келген. Соттордун жооп бербегени — текеберчилик», — дейт депутат.

Шыкмаматов башка өлкөлөрдөн судьяларды алып келүүгө болорун жана мындай тажрыйбаны колдонгон Украинада башаламандыктар орун алганын белгилеп, андыктан Кыргызстан соттук реформаны өз күчү менен ишке ашыруусу зарыл экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM