Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу кылмыштуулук кескин азайды

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 665 | 0

Өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу кылмыштуулуктун саны кескин азайды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарында, Ош шаары менен Ош облусунда, Жалал-Абад шаары менен Жалал-Абад облусунун аймагында киргизилген өзгөчө абал учурун талдоо көрсөткөндөй, өзгөчө оор жана оор кылмыштар кескин азайды.

Адам өлтүрүү боюнча 3 факты катталган. Алар Нарын шаарында “Лимонти” каймана аты менен белгилүү крим чөйрөнүн лидерлеринин биринин өлтүрүлүшү (өч алуу), Аламүдүн жана Ноокен районунун аймагында келип чыккан чыр-чатактын кесепетинен 2 адам өлтүрүү фактысы катталган.

Жогорудагы үч факты боюнча шектүүлөр кармалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.

Ушул  жылдын 22-мартынан 5-апрелге чейин 1351 кылмыш катталган жана 2019-жылга салыштырмалуу кылмыштын саны 38,4% азайган. Ошондой эле, 1480 жорук катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 34,7% азайган.

Учурда өзгөчө абал киргизилген аймактарда ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу (Бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренеси) сыяктуу бузуулар катталууда.

Copyright © 2017 Maral FM