Биз менен байланышыңыз

Президент: Кылмыштуулук кескин азайды

Кыска кабар | 12 Сен 2020 | 641 | 0

«Коопсуз шаар» долбоору бүт республика боюнча жайылтылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Коопсуз шаар» долбоору жана патрулдук милиция ишке киргенден кийин кылмыштуулук, айрыкча, жол-транспорттук кырсыктары кескин азайды.

Жол кырсыктарынын кесепетинен каза болгондордун саны кээ бир жерлерде 100 пайызга чейин кыскарды. Кээ бир жерлерде жол кырсыктары 50 пайызга чейин азайып жатат. Бул — жакшы көрсөткүч.

«Патрулдук милиция түзүлгөндөн тартып кылмыштуулуктун бетин ачуу жогорулады. Бул долбоор өзүнүн натыйжасын көрсөтө баштады. «Менин милициям — мени коргойт» принцибин кайтарабыз. Кайтарып жатабыз. Бул Бишкекте ийгиликтүү болду, эми Ошто баштап жатат, андан кийин башка шаарларда да ишке ашырабыз», — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM