Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Кыска кабар | 27 Авг 2019 | 413 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды талдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбооруна Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын, Жогорку соттун жана башка мамлекеттик органдардын сунуштары киргизилген.

Мисалга өзгөчө учурда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганга чейин окуя болгон жерди кароону жүзөгө ашырууга уруксат берүү.

Мындан тышкары жоруктун бетинин ачылышын камсыз кылуу максатында алгачкы текшерүүчү органдар атайын тергөө иш-аракеттеринин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө укуга бар. Ошол эле учурда сунушталып жаткан түзөтүүгө ылайык, тергөөчү алгачкы текшерүүчү органдарга иликтөө жана тергөө иштерин жүргүзүү үчүн кат түрүндө тапшырма бере алат.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM