Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында Бузуулар жөнүндө кодексти ишке ашыруу боюнча кеңешме өттү

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 546 | 0

Ош шаарында Бузуулар жөнүндө кодексти ишке ашыруу боюнча кеңешмеде жазык мыйзамынын беренелерин мындан ары карай жүзөгө ашыруу маселелери козголуп, Бузуулардын бирдиктүү реестринин милдеттүү мүмкүнчүлүктөрүнүн тереңдетилген бет ачары болду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Катышуучулар Бузуулардын бирдиктүү реестринин милдеттүү мүмкүнчүлүктөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар сунуштарды айтышты.

Актуалдуу темалардын бири жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында атайын юрист штатын түзүү, ага Бузуулар жөнүндө кодексте каралган жаза чаралар боюнча чечимдерге доо арыз менен кайрылган учурда сот органдарында алардын кызыкчылыктарын коргоо,  жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча укуктук камсыздоо милдети жүктөлөт.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кеңешменин катышуучуларына жазык мыйзамдарынын беренелерин тажрыйбалык негизде ишке ашыруу иштерин активдештирүүнү, ошондой эле жер-жерлерде маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Эске салсак, бүгүн, 26-июнда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кеңешмеге өткөрүп, ага райондордун жана айыл округдарынын башчылары, шаар мэрлери, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын мамлекеттик органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүктөрү катышышты.

Copyright © 2017 Maral FM