Биз менен байланышыңыз

Жазык мыйзамдарын стратегиялык өнүктүрүү боюнча долбоор иштелип чыгат

Кыска кабар | 5 Янв 2020 | 497 | 0

2020-жылга карата соттук-укуктук реформаны мындан ары да жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелүүдө. Мындан тышкары, кийинки жылы Жазык мыйзамдарын стратегиялык өнүктүрүү боюнча иш кагаздардын долбоорун иштеп чыгуу маселесин демилгелөө пландалды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын 1-январынан тарта соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган Жазык-кылмыш мыйзамы күчүнө кирген. Реформа аркылуу киргизилип жаткан жаңы институттар жана бир катар эскилеринен баш тартуу өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана сот органдарынын ишин толук кайра түздү, ошондой эле жазык сот өндүрүшү тутумун кыйла өзгөртүп, аны гумандаштыруу багытына бурду.

Соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө киргенден тарта 33 мыйзам долбоор жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү, кырктан ашык мыйзам долбоорду ушул жылдын башында парламенттин кароосуна киргизүү пландалды.

Copyright © 2017 Maral FM