Биз менен байланышыңыз

Эрдоган: Сириядагы «коопсуз тилкени» биз башкарабыз

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 756 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сириянын түндүгүндө түзүлө турган «коопсуз тилкени» Анкара белгилеп, көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи.

Бул тууралуу ал мамлекеттик TRT каналына берген маегинде билдирди.

«Сириянын түндүк-батышындагы Айн аль Арабдан Камышлы шаарына чейинки аралыкты «коопсуз аймак» деп жарыялайбыз. Бул АКШ президенти Дональд Трамп талап кылгандай 30-32 чакырымды түзөт. Бул аймакты PKK террордук тобунун шериги Сирия демократиялык армиясы террордук каридор катары колдонгусу келген. Бирок биз ага тоскоолдук кылдык»,-деди ал.

Анын айтымында аймакта ИШИМ террордук тобу менен күрөшүүчү коалицияга «коопсуз тилкенин» көзөмөлүн бербөө керек. Анткени бул Түркиянын коопсуздугун тобокелге салат. Өзгөчө Америка ИШИМ менен күрөшүүдө ишенимдүү орток катары түрк тарап террордук деп эсептеген күрд түзүмдөрү менен кызматташты. Эрдогандын пикиринде Сирия демократиялык армиясы аймакта ээн-эркин жүрүүсү эл аралык коомчулукка коркунуч жаратат.

Мындан сырткары ал, Асад режими кулабаса Сириядагы саясий кризис чечилбесин да кошумчалады. Ошентсе да душман деп эсептелсе да алар менен мамилени такыр үзбөө керектигин белгиледи. Анткени, анын пикиринде, бул качандыр бир кезде кызматташуу үчүн керек болуп калат.

 

Copyright © 2017 Maral FM