Биз менен байланышыңыз

Трамп президент болгондон кийин көп акча коротконун айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2019 | 909 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик кызматта турган учурда чоң суммадагы акча коротконун айтты. Ошентсе да ал өз жумушун сүйөт. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

“Мен бул кызматты ээлеп турганда көп акча короттум. Чыгымдар мага киреше алып келбейт. Бул эң улуу акча коротуулар болуп саналат. Бактыга жараша, менин акчага муктаждыгым жок. Бирок мен жоготуудамын. Болгондо да суммасы аябай көп”, — деди президент The New York Times басылмасына берген маегинде.

Ошондой эле ал өз жумушун сүйөрүн, кийинки мөөнөткө калуу үчүн да президенттик шайлоого катышарын ачык айткан.

Кошумчалай кетсек, Дональд Трамп 2017-жылдын январь айында президенттик кызматка киришкен. Ал АКШдагы эң бай адамдардын катарын толуктайт.

Copyright © 2017 Maral FM