Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 559 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө. Мындай чечимге Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы туризм тармагындагы мамлекеттик жана аймактык деңгээлдеги саясаттын аткарылышын камсыздап, туризмге тийиштүү тейлөө рыногун өнүктүрүп, туристтик бизнести өркундөтүүгө инвестицияларды тарттуу боюнча иш алып барат.

Ошондой эле мамлекеттик менчикте турган туристтик объектилердин инфраструктурасын модернизациялайт.

«Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасынын директору Премьер-министр тарабынан 2 жылдык мөөнөткө дайындалат жана андан бошотулат.

Copyright © 2017 Maral FM