Биз менен байланышыңыз

Тыныбекова Францияда өтүп жаткан мелдеште алтын медаль тагынды

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 852 | 0

Франциянын Ницца шаарында 1-3-февраль аралыгында олимпиада чемпиону Анри Дегландын элесине арналган мелдеш өткөрүлүп жатат.

Айсулуу Тыныбекова аталган мелдеште 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, финалга чыккан. Финалда Франция балбаны Полин Лекарпентье менен күрөшүп жеңишке жетишти.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия Оюндарына катышып байгелүү орунга ээ болгон.

Copyright © 2017 Maral FM