Биз менен байланышыңыз

Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу комитети түзүлдү

Кыска кабар | 2 Фев 2019 | 585 | 0

Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча комитет түзүү чечимине Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Уюштуруу комитетинин төрагасы катары биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бекитилди. Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары Эмил Бусурманкулов дайындалды.

Маркум менен коштошуу ырасымы 3-февраль саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында өтөт.

Ошол эле күнү Корчубек Акназаровдун сөөгү Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.

Copyright © 2017 Maral FM