Биз менен байланышыңыз

«Атышууну жашырганы үчүн укук коргоо органдарынын жетекчилери жооп бериши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Янв 2019 | 675 | 0

Жогоку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева “Марал” радиосуна берген маегинде Токмок көзөмөл-өткөрүү пунктундагы атышууга эл өкүлү Урматбек Самаев ысымы аралашып жатканына дүйнө жүзү таң калып жатканын билдирди.

Анын айтымында, журналисттер окуяны чагылдырбаса, тийиштүү органдар аны жаап коюушат. Самаевдин аты аралашкан маселе абдан резонанстуу. Бул боюнча керек болсо комиссия түзүү зарыл.

Президент дагы реакция кылышы керек. Маселеге дароо чекит коюлбаса мындай мыйзамсыз иштер улана берет.

Иманкожоева «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев депутат Самаев үчүн жооп бериши керек деп эсептейт.

«Исаев Самаевди эмне себептен партиянын курамына алганын ачыкташы керек. Ал Самаевге элге чыгып жооп бер деген маселе коюшу керек. Эң кызыгы, Самаев — ЖКда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү. Депутат күнөөсү жок болсо парламентке келип ачык айтсын. Эгерде ал чындыгында коррупциялык иштер менен алектенсе, парламентте депутат болуп отурууга, мыйзам чыгарууга моралдык укугу жок. Урматбек Самаев мыйзамдарды, алар кантип иштей турагынын билбейт деле», — дейт Иманкожоева.

Ал буга кошумча, чек арадагы атышууну жашырып койгону үчүн укук коргоо органдарынын жетекчилери жооп берип, кызматтан кетиши керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM