Биз менен байланышыңыз

Милициянын маянасын жогорулатуу демилгеленди

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 704 | 0

Депутат Урматбек Самаев милиция кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу маселесин көтөрдү. Бул тууралуу ал Өкмөттүн өткөн жылдагы жасаган иши тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берип жаткан учурда айтты.

Депутат милициянын сержанттык курамдын маянасы канча экенине кызыгып, Ички иштер министринен сурады.

Министр Кашкар Жунушалиев сержанттык курам айына 8-12 миң сом айлык аларын айтты.

Депутаттын: «Бул жашоосуна жетеби?», — деген  суроосуна министр: «Жеткени үчүн жашап жатышат да», — деп жооп берди.

«Жакында эле милиция кызматкерлери 4 чоң кылмыш ишинин бетин ачты. Сиз ал кызматкерлерди медаль, грамота менен сыйладыңыз. Аларга акчалай сыйлыктар да берилгенде жакшы болот эле. Милициянын маянасын жогорулатууну депутаттардын баары эле колдойт болушу керек», — деди депутат.

Мындай колдоого ыраазычылык айткан министр Жунушалиев милициянын маянасын жогорулатуу боюнча жобо иштелип жатканын билдирди.

«Азыркы күндө күч органдарынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү боюнча жобо биринчи окуудан өттү. Ал жерде биздин кызматкерлердин маянасын 40 %га жогорулатуу каралган», — деди министр.

Copyright © 2017 Maral FM