Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо министрлиги Кой-Таштагы атышууда адам өлгөнүн төгүндөйт

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 466 | 0

Саламаттык сактоо министрлиги Кой-Таштагы атышууда бир адам каза болду деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Министрлик тараткан билдирүүгө караганда, учурда дарыгерлердин бригадасы окуя болгон жерде нөөмөттө турат.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар бир адам каза болгону туурасында жазган.

Соңку расмий маалымат боюнча 10 адам жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал эми бир атайын жоокерге үйдүн ичинен атылган ок тийип, темир соотун тешип өткөн.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы аскерлер кирип, мурдагы президентти күч менен кармоо операциясын жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM